• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК Төрагасы: “КТРКнын ишин жакшыртууга багытталган тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып берели”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков мындай пикирин парламент жыйынында Коомдук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеӊешинин отчетун угуу маалында билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Коомдук телерадиоберүү компаниясы Кыргызстандагы эӊ таасирдүү телеканалдардын экенин эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы: "Бул телеканалдын берүүлөрүнүн өлкө үчүн мааниси өтө чоӊ. Ага ылайык, аталган каналда Коомдук байкоочу кеӊеш түзүлгөн. Беш жыл мурун тандалып алынган Байкоочу кеӊештин ишмердүүлүгүнө байланышкан отчетту уктук. Ар кандай кептерди, сындарды да айтып жатабыз. Бирок, алардын курамы көктөнтүшө калган эмес. Жарандык коом, Президент жана Жогорку Кеӊеш сунуштап, бешинчи чакырылыштагы жалпы парламент добуш берип тандап алганбыз. Тандалган бул Байкоочу кеӊештин курамына журналистика жаатында аты таанымал, эмгеги менен эл оозуна алынган инсандар кирген. Алсак, арасындаЖ.Бакашева, А.Сатаров, А.Өмүрканов, Т.Жаманбаева, Т.Чоротегин, С.Муканбетова, И.Шестоков, Ж.Өзүбекова, В.Гончаров, Б.Досалиева, А.Халилов, Т.Алгожоев сындуу аттуу-баштуу инсандар бар.Ошондуктан, кеӊештин курамын тандап алган бизде да жоопкерчилик болуш керек", - деди.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков Байкоочу кеӊеш да Коомдук телеканал оӊолсун деген ниетте колунан келген аракетин жасаганын белгиледи. "Алар мага да келишти, узак убакыт телеканалдагы олуттуу маселелерди сүйлөштүк. Ошол жолугушууларда байкаганым, Байкоочу кеӊештин мүчөлөлөрү телеканалда колдонулган сөздөрдөн баштап, телеберүүлөрдүн сапатына байланыштуу жүргүзгөн мониторингдеринин жыйынтыктарын так жана таасын факты менен айтып беришти. Аларды айтып эле тим болбой, чечүү жолдорун да сунушташты. Кийин эки-үч жолу Байкоочу кеӊеш тарабынан айтылган дооматтар боюнча каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков менен сүйлөштүм. Натыйжада коомдук телеканалдаргы тиешелүү мыйзамдарда кемчиликтер бар экенине ынандым" – дейт ал.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков чыныгы коомдук телеканал кылыш үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан пайдаланып, каржылык көз карандысыздык кырдаал түзүп берүү керектигине токтолду. "Сын айтуу менен гана чектелбей, коомдук каналдын ишин жакшыртууга багытталган тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып берели. Ага жараша отчет, жыйынтык талап кылалы. Анткени, биз көзөмөлдөөчү гана эмес, мыйзам чыгаруучуда органбыз" –деп белгиледи Ч.Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий