• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кепилдик фонду: Чүй жана Жалал-Абад бизнести өнүктүрүүгө алынган кредиттердин көлөмү боюнча алдыга чыкты

Экономика 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кепилдик фондунун дээрлик 1,8 млрд сомдук кепилдиктери аймактардагы ишкерлерге 5,1 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттарды алууга мүмкүндүк берди.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айындагы талдоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, эң көп кредит – 1,7 млрд сомдон ашык Чүй облусунун ишкерлерин бул көрсөткүч боюнча алдыңкы орунда. Кепилдиктердин суммасы 447 млн сомду түздү.

354 млн сом кепилдик каражаттар аркылуу 829 млн сом алынган кредиттик ресурстар менен Жалал-Абад облусу Чүй облусунан кийин экинчи орунда турат.

Эң көп кредит алган лидерлердин ичинен 180 млн сомдук кепилдик менен 668 млн сом кредит алышкан Ысык-Көл облусунун өкүлдөрү үчүнчү орунду ээледи.

Алдыңкы үчтүктөн кийинки калган аймактар ​​төмөнкү тартипте жайгашкан:

  • Ош облусу - 238 млн сомдук кепилдик менен 554 млн сомдук кредиттерди ала алышты;
  • Талас облусу – кредиттер – 453 млн сом, кепилдиктер – 198 млн сом;
  • Баткен облусу – кредиттер - 379 млн сом, кепилдиктер – 164 млн сом;
  • Нарын облусу – кредиттер - 240 млн сом, кепилдиктер - 90 млн сом.

Бишкектик ишкерлер 603 млн сомдук кепилдиктер аркылуу 1,7 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, ал эми Кыргызстандын түштүк борбору - Ош шаарынын бизнеси 106 млн сом кепилдик каражаттардын эсебинен 338 млн сом кредиттерди алышты.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 10 айында “Кепилдик фонд” ААК тарабынан ишкерлерге 6,9 мрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздаган, анын 5,1 млрд же 74 пайыздан ашыгы аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий