• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжай районунда жаңы оорукана курулду

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.

Оорукананын курулушуна республикалык бюджеттен 58 млн сом каралган. Курулуш иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков объекттен кабар алып, курулуштун сапатын көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий