• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кепилдик фонду менен "ФинансКредитБанк" кызматташуу боюнча келишимге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. “Кепилдик фонд” ААКсы менен "ФинансКредитБанк" “Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо (МЧОИ)" долбоорунун "Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми" (ПТБМ) №2 компонентинин алкагында кызматташат. Тиешелүү документке бүгүн фонддун жана аталган банктын төрагалары Малик-Айдар Абакиров менен Эрмек Алчиев кол коюшту.

"Кепилдик фонду" ААКсынан билдиришкендей, келишимдин маңызы финансы-кредиттик мекеме тарабынан ишкелерге берилген кредиттер боюнча кредиттик тобокелдиктин бир бөлүгүн бөлүштүрүү үчүн Кепилдик фонд тарабынан портфелдик кредиттик кепилдик берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо болуп саналат. Макулдашуу ПТБМ жол-жоболорун жөнгө салуучу колдонмого негизделген.

Долбоор КР Финансы министрлиги тарабынан "Кепилдик фонд" ААКтын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. ПТБМ финансылык институттарга кредиттерди жеңилдетилген шарттарда берүүгө жана кайтарылбай калуу коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын башынан тартып Кепилдик фонду Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо" долбоорунун "Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми" (ПТБМ) №2 компонентин ишке ашыра баштады. Долбоор КР Финансы министрлиги тарабынан "Кепилдик фонд" ААКсы менен биргеликте ишке ашырылып жатат, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, ишкердик субъекттерине портфелдик кепилдиктерди берет.

2022-жылы Кепилдик фонду ПТБМ алкагында 32 миллион АКШ долларын алып келген, бул ата мекендик ишкерлер үчүн реалдуу колдоо.

Пикир

Оставить комментарий