• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КЭР-КР газ түтүгүнүн курулушу эки өлкө ортосундагы эңи ири долбоорлордун бири

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан газ түтүгүнүн курулушу эки өлкөнүн ортосундагы эң ири долбоорлордун бири. Бул тууралуу “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын студенттерди Кытайга билим алууга жиберүүнүн расмий салтанатында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси Сунь Хэ билдирди.

Анын айтымында, жалпы инвестициялар 1 миллиард доллардан ашат, узундугу 200 чакырымдан көп.

“Келечектеги газ түтүгү 35 жыл иштейт. Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келет. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эң ири долбоор”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бул Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу газдын транзитинин аймактык долбоору. КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт. Узундугу 215 чакырымды түзөт. Долбоор 2019-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашат.

Компания кыргызстандык 30 абитуриенттин Кытайда билим алуусун каржылады. “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын башкы директору Гуань Синьлайдын айтымында, каржылоонун жалпы суммасы 2 миллион доллардан ашат.

Пикир

Оставить комментарий