• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстандан КЭРге Кыргызстан аркылуу өткөн газ түтүгү курулат. Транзит үчүн КР жылына 60 миллион доллар алат

Экономика 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай транзиттик газ түтүгүнүн курулушу ишке ашат.

Өнөр жай, энергетика жана жер русурстарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозов журналисттерге билдиргендей, долбоор алгач 2013-2016-жылдары ишке ашышы керек болчу. Бирок объективдүү себептерге байланыштуу убакытты жылдырууга туура келген.

“Убакытты жылдыруунун себеби Түркмөнстандын газ рыногундагы өзгөрүүлөр болгон. Жалпысынан алганда макулдашуу ошол бойдон калган. Долбоор регионалдуу, анын узундугу 1 миң чакырымды түзөт. Ал эми Кыргызстан боюнча 218 чакырым болот. Долбоор Кыргызстанда 100 пайызга жеке инвестицияларга ишке ашат. Сумма 1 миллиарддан 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Долбоордун алкагында курулуш иштери учурунда 1 миңге жакын жумушчу оруну түзүлөт, эксплуатация учурунда 200 жумушчу оруну түзүлөт. Компания менен жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк болот деп макулдаштык. Бул максатта бүгүн Кытайда мунайзат, газ тармагында билим алуу үчүн сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бизде мындай адистер жок”, - деди ал.

Орозалиев жердин транзити жана ижарасы үчүн атайын салык төлөнөрүн айтты.

“Газ түтүгү жер астында болот, андыктан айыл чарба ишмердүүлүгү үчүн эч кандай чектөө болбойт. Качан долбоордук дараметине жетерине жана дүйнөлүк рынокко байланыштуу алдын ала жылына орточо 50-60 миллион доллар төлөө күтүлүүдө”, - деди Алымбек Орозов.

Газ түтүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагы боюнча Иркештам жана Карамык өткөрүү пункттары аркылуу өтөт.

“Газ түтүгүнүн экологияга зыяны болбойт. Себеби ал бизде жер астынан өтөт. Мисалы, Тажикстан тоолуу болгондуктан, 47 туннелди казууга туура келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий