• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 19.11.22./Кабар/. “Бишкек арена” шаардык муз аянтчасында жаш жеткинчектер арасында (2014-2015-ж.т.) хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши старт алды.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, ЖК депутаты Дастан Бекешов, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маданият, спорт жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси Вероника Элкинс, Хокей федерациясынын вице-президенти Асел Абдагулова, спорт мектептеринин директорлору, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Канат Шабданбаев мелдештин катышуучуларын куттуктап, жаштар арасында хоккей боюнча мелдештердин өткөрүлүүсү Кыргызстанда кышкы спорттун өнүгүүсүнө чоң салым болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш 19-ноябрга чейин уланат.

Жалпы 6 команда: 1)ХК Динамо Алматы 2) ХК Стрижи 3) ХК Рахимжан 4)ХК Нарынские Ястребы 5)ХК Локомотив 6) ХК Алга Юниор катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий