• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Монголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатына катышты

Спорт 0

Бишкек, 15.04.23. /Кабар/. Кыргызстандык 32 спортчу Монголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатына катышты. Алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чемпионат 4-августтан 12-августка чейинки аралыкта өткөн.

Азия чемпионаты 14 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында "стандарт", "блиц" жана "рапид" категорияларында өткөрүлдү.

"Стандарт" категориясында Сейдахматов Байымбет биринчиликти багындырды. Сагыналиева Гүлайым коло медаль тагынды.

"Блиц" категориясында Кудайбердиев Марсель жана Асанкулова Эркежан коло медалдарды жеңип алышты.

Пикир

Оставить комментарий