• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Киного кирүү билеттерин терминалдардан сатып алуу мүмкүнчүлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте кинотетрлардагы тасмаларды көрүүгө билеттерди эми терминалдардагы “Билет киоску” кызматы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

Аталган кызмат “Синематика” жана “Космопарк” кинотеатрларындагы тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маркетинг бөлүмү билдиргендей, билет терминалы онлайн түрүндө орундуктарды ээлеп коюуга мүмкүндүк берет.

"Учурда билет күркөсүндө тестирлөө жүрүп жатат. Мындан улам, алдын ала сатып алган интернет билетти басып чыгарууга болот. Жакынкы аралыкта система толугу менен иштеп баштайт”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий