• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ 112 ыкчам номуруна күн сайын коронавирус боюнча 1 миңден ашуун чалуулар түшүүдө - штаб

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 ыкчам номуруна күн сайын коронавирус боюнча 1 миңден ашуун чалуулар катталууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго максималдуу түрдө жооп берип жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий