• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Ош шаарындагы Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-август күнү 1977-жылкы М.А., аттуу эркек киши Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен.

"Издөө иштерине жалпысынан 10 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кечээ маркумдун денесин суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий