• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ башчысы Ноокенде адам өмүрүн сактап калган ата-баланы сыйлады

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Жалал-Абадда ата-бала өз өмүрлөрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 19-майда, болжол менен түнкү саат 20:00-21:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылын аралап өтүүчү Кара-Булак сайында нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында кокту-колоттордон суу сайга түшкөн. Ошол учурда сайдан “Матиз” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа тыгылып, өтө албай калган. Автоунаанын ичинде Кочкор-Ата шаарынын тургуну Махсудов Энвер жана анын уулу Махсудов Рустем болгон.

Р.Махсудов кол телефону менен досторун жардамга чакырып, жардамды күтүп жаткан учурда сайда суу көбөйүп, сел келип, автоунааны ичиндеги Рустем Махсудов менен кошо болжол менен 500-600 метрге төмөн көздөй агызып кеткен.

Ошол жерге жакын жашаган Сагынбек Маражапов жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукар жардамга чакырган адамдардын үнүн угуп, Рустем Махсудовду куткарып калышкан. Ал эми ошол учурда суунун жээгинде отурган Энвер Махсудов дайынсыз болуп, куткаруучулар анын каза болгон сөөгүн эртеси күнү суунун төмөн жагынан таап чыгышкан.

22-майда адам өмүрүн сактап калган ата-балага КР ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Маражапов Сагынбек Эрмаматовичке “Алкыш” жарыялап, ал эми КР ӨКМнин “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалын Сагынбек уулу Зулпукарга тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий