• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Баткенде телефон кубаттоодон өрт чыккан

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Баткенде телефон кубаттоодон өрт чыккан, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн эрте мененки саат 08:29да Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Акжол көчөсүндө өрт чыгып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Жерине Баткен шаарындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 08:50дө толугу менен өчүрүүгө жетишкен.

Такталган маалыматка ылайык, өрт телефонду кубаттоодон келип чыккан. Өрттүн кесепетинен смартфон, фен жана палас күйгөн.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Пикир

Оставить комментарий