• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Дайынсыз болгон чабандар табылды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Талас облусундагы дайынсыз болуп жаткан чабандар табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын 8 чабаны 30-сентябрда Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Аларды издөө иштерине жалпысынан 29 куткаруучу жана жергиликтүү 11 адам тартылган.

“Дайынсыз болуп жаткан чабандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен. Саат 23:30да КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий