• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кар көчкү тазалангыча айдоочуларга сапарга чыкпоону сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Кечээ, 13-мартта кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшкөн. ӨКМ кызматы айдоочуларды азырынча алыс жолго чыкпай туруусун өтүнөт, анткени жолго түшкөн кар толугу менен тазаланып бүтө элек.

“Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча, Бишкек-Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кар көчкү толугу менен тазаланмайынча алыскы сапарга чыкпоону сунуштайбыз”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде тазалоо иштерине 50гө жакын куткаруучу жана атайын техника тартылган.

Жеринде министр Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жеринде жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий