• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Казакбаев Түркиянын Кайсери облусунун губернатору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кайсери Түркиянын борборундагы ири өнөр жай борбору катары эмерек өндүрүшү, машина куруу, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Кыргыз тарап экономиканын бул багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле социалдык чөйрөдөгү кызматташуу, анын ичинде Кыргызстандын аймактарында мектептерди жана ооруканаларды куруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, элчи Руслан Казакбаев Кайсери провинциясында жашаган Кыргызстандын жарандарына, өзгөчө кыргызстандык студенттерге максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Губернатор Гөкмен Чичектин өкүлчүлүк делегациясынын башында Кыргызстанга жумушчу сапарын уюштуруу жөнүндө макулдашуу жолугушуунун маанилүү жыйынтыгы болду.

Пикир

Оставить комментарий