• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий