• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде Баткен облусунда 12 миң 605 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кечээ, 17-майда Баткен облусунун аймагында 2333 чарчы метр имараттын ичи, 10 272 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 12 605 чарчы метр аймак жана 8000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 22 литр суюк хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий