• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт: 2019-жылдын 10 айында экспорт 14,1% жогорулады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-октябрь айларында экспорт 1563,6 млн АКШ долларын түзүп, 14,1% жогорулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөттөн билдиришкендей, экспорттун жогорулашы алтынды сыртка сатуунун көлөмү 1,6 эсе жана тамекинин 2,4 эсе; эт менен эт азыктарынын 2,1 эсе; жер семирткич – 1,7 эсе; керамикадан жасалган буюмдар – 1,7 эсе; жашылча – 1,5 эсе; мөмө жемиш жана жаңгак 39,1 %; цемент – 37 %; кен жана баалуу металлдар концентраты – 17,6 % га көбөйүшү менен шартталды.

"2019-жылдын январь-октябрь айларында импорт 4059,1 млн АКШ долларын түзүп, 7,2 %га төмөндөдү. 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу импорттолгон товарлардын көлөмүнүн төмөндөшү булгаарыдан жасалган буюмдарды алып келүү 2,3 эсе; сырьёнун бул түрү боюнча жасалган кийимдер – 1,8 эсе, бут кийим - 1,5 эсе; була – 27,9 %; кант жана андан жасалган кондитердик азыктар – 25,6 %; мунай заттары – 19,4 %; пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 11,0 %; резина жана андан жасалган буюмдар 7,8 % га төмөндөшү менен шартталды", - деп айтылат маалыматта.

Соода балансындагы дефицит 2495,5 млн АКШ долларын түзүп, 17 %га төмөндөгөн. Соода балансындагы дефициттин төмөндөшү экспорттун жогорулашы жана импорттун азайышы аркылуу соода балансынын жакшырышы менен шартталган.

Импорттун ордуна сунушталган товарлардын көбөйгөнү байкалууда.

Мисалы:

∙ текстиль – импорт 16,4 % же 2,7 млн АКШ долларына төмөндөдү. Ошол эле учурда текстилди экспорттоо 22,5 %га же 335 миң АКШ долларына көбөйдү. Аны өндүрүү 20,4 %га жогорулады;

∙ булгаарыдан жасалган буюмдар – импорт 2,3 эсе же 30,1 млн АКШ долларына төмөндөдү. Ошол эле учурда булгаарыдан жасалган буюмдарды экспорттоо 3,4 эсе (242 %га) 4,5 млн АКШ долларына көбөйдү. Аны өндүрүү 7,4 %га жогорулады;

∙ цемент – импорт 3,6 % же 505 миң АКШ долларына төмөндөдү. Ошол эле мезгилде цементти экспорттоо 37,2 %га же 8,1 млн АКШ долларына көбөйдү. Аны өндүрүү 6,3 %га жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий