• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт башчы салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешменин жүрүшүндө салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өнүккөн технологиялар салык базасын каттоону жакшыртууну шарттай турганын белгилеп кетүү кажет.

Акциздик товарларды каттоо тармагындагы жаңы электрондук чечимдер салыктардын жыйналышын арттырып, «салык инспектору – бизнес-түзүмү» линиясындагы коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү кескин кыскартууну шарттап, ошондой эле республикалык бюджетке жыйымдарды жогорулатып, контрафакттык продукцияны ташуу жана өндүрүүнү кыйла төмөндөтөт.

Пикир

Оставить комментарий