• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан көтөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин ишке ашыруунун алкагында өкмөт даярдык көрүү боюнча иш-чаралар комплексин аткарат.

«Оюндардын алкагында өтүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар этномаданиятты, этноспортту өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган. Биз кайрадан бүт дүйнөгө маданий байлыгыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган», – деди ал.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жалпы концепциясын жана иш-чараны уюштуруу ишинин негизги багыттарын тааныштырган.

Белгиленгендей, оюндардын алкагында Талас шаарынын ат майданында спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Ошондой эле жыйында Улуттук оюндар өтө турган негизги жайларды реконструкциялоо маселелери жана Талас шаарындагы башка инфратүзүмдүк объекттердин абалы талкууланган. Мындан тышкары иш-чараны каржылоо маселеси каралган.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүгө сапаттуу даярдыктарды камсыздоо, курулуш иштери үчүн каржылоону өз убагында бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну, бардык оңдоо иштерин сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий