• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Апта: Ороктогу окуя, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоругу, нота алган элчи, айдоочулук күбөлүктөр арзандайт

Коом 0

Апта ичинде элдин назарын буруп, талкууланган жаңылыктар көп болду. Маселен, Ороктогу окуя маалында болгон эки жагдай да коомчулуктун талкуусуна алынды – өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналистке "түрүң жаккан жок" десе, Орок айылына барган Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылды.

Ороктогу окуя

Шаршемби, 5-күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында бейбаштык менен коштолгон окуя болуп өттү. Ал окуя үч баланын урушунан кийин келип чыккан. Тагыраагы, 5-күнү Айт намаздан кийин үч бала уруша кетет. Эки бала бир баланы уруп койгон. Урушкандарды бир бала арачалоого аракет кылып жатып, жаракат алат. Жыйынтыгында эки бала ооруканага жеткирилсе, эки бала убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан. Кийинчерээк алар кое берилген. Белгилей кетсек, алардын ичинен бирөө үй камагына чыгарылган.

Ал эми, андан кийинчерээк Сокулук райондук соту убактылуу кармоочу жайына алынган эки балага карата бөгөт чарасы караган.

Соттун чечими менен 15 жаштагы А.А., үй камагына чыгарылган. Ал эми 23 жаштагы А.К., 2 айга камакка алынган.

Бул окуя болгон учурда айрым маалымат каражаттарында улуттар аралык чыр болду деген жаңылыктар чыгып кеткен. Бирок Ички иштер министрлиги, Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Учурда ИИМ билдиргендей айылда абал туруктуу болуп, милиция тартипти кароодо.

Абдраимовдун жоругу

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун жоругу эл арасында нааразычылык жаратты. Ороктогу окуя болгон күнү ал, окуя жерине барган. Ал убакта Ороктогу кырдаалды чагылдырып жүргөн журналисттер маалымат алуу үчүн ага кайрылган. Алардын арасынан бир журналисттин суроосуна Абдраимов жооп бербей, "Ала-Тоо 24" каналына жооп берип жатам. Калганыңарга рахмат" деген. "Эмнеге" деген суроого, "Түрүңүз жаккан жок" деп айтып, күлүп басып кеткен.

Коомдогу көп маселелер социалдык тармактарда талкууланат эмеспи. Бул окуя да көңүл сыртында калган жок. Чиновниктин жоругуна бир гана журналисттер эмес, соцтармактын колдонуучулары өзүнүн нааразы пикирлерин билдире баштаган.

Алтынчы июнь күнү журналисттер Абдраимовго нааразылыгын билдирүү жана түшүндүрмө алуу үчүн өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө барышкан. Алгач, ал журналисттерге жолукпай, кийинчерээк аларга жооп берүү үчүн чыккан. Суроо-жооп айтылып жатканда ал, журналистке орой жооп бергени үчүн кечирим сурабай турганын жана өкүнбөгөнүн айткан.

Анын айтымында, журналист ага "качан келдиңиз" деген өңдүү суроолорду берип "кекетип-мокоткон". Ошон үчүн ал жообун ачуу айткан.

Анткен менен анын жоругуна Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баа бермекчи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Мындай окуя аткаруу бийлик бутагына көлөкө түшүрөт. Өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилеринен дайыма ачык болууну талап кылат. Ал ушундай жол менен гана жарандардын бийликке жана кабыл алынган чечимдерге ишенимин арттырууга болорун белгилеп келет. Айрыкча, бул коомдогу актуалдуу маселелерге көңүл бурган журналистика коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерине тийиштүү", - деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошол эл учурда журналисттер коомчулугу жана социалдык тармактын колдонуучулары Абдраимовдун журналисттен кечирим суроосун жана кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Жума күнү "Азаттык" үналгысы Абдраимовду өзүнүн берүүсүнө чакырып, ал жакта ыйгарым укуктуу өкүл ал журналист кыздан журналист катары эмес, кыз киши катары кечирип сурай турганын айткан.

Нота алган элчи

Ороктогу окуя боюнча журналисттерге жооп бербей койгон Тунгунаалы Абдраимов гана элди нааразы кылган жок. Окуя жерине барган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат да аздыр-көптүр сынга кабылды.

Ал ошол күнү Орок айылына барган. Элчинин айтымында, ага элчиликте иштеген боюнда бар кызматкери чалып, Орок айылында экенин жана ал отурган үйүнүн айнектерине таш ыргытылганын айткан. Элчи бул тууралуу Ички иштер министрлигине кабарлап, өзү да Орокко келген. Ал кызматкер Кыргызстандын жараны болот.

Бейшемби, 6-июнь күнү КРнын Тышкы иштер министрлиги элчини министрликке чакырып, нота тапшырган.

"2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик талашты жөнгө салуу боюнча КРнын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Жеңгиз Камил Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик, элчини өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырган.

Айдоочулук күбөлүктөрдүн наркы арзандайт

Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, учурда МКК жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө өтүү процессине даярдык көрүп жатат.

"Жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. Буга чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенчү. Эми бул долбоорду МКК ишке ашырат", — деген Алмаз Мамбетов.

МКК төрагасы жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизгенге чейин бул документти биринчи жолу же жаңыдан алып жаткандар үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилерин айткан.

Алмаз Мамбетов жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо жүргүзүлөрүн, ошондой эле өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилерин кошумчалаган.

Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы

Жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 161,7 млн. доллардан ашык каражат которгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын которгон каражаты 2,6 млрд. долларды түзгөн.

Учурда, чет жерде дээрлик 800 миң кыргызстандык жаран иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда, ал эми Түркия менен Кореяда 30 миңден жаран иштейт.

Пикир

Оставить комментарий