• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралар топтомун ыкчам түрдө ишке ашыруу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын көрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдар жана көрүлгөн чаралар боюнча маалымат берген.

Кубатбек Боронов белгилегендей, аба ырайынын жаан-чачындуу болушуна байланыштуу калктуу аймактарды жана турмуштук-тиричилик объекттерин селден, жер титирөөнүн жана жер көчкүнүн кесепеттеринен коргоо боюнча атайын алдын алуу чараларын аткарууну күчөтүү зарыл.

«Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралар топтомун ыкчам тартипте ишке ашыруу керек. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиги сакталган жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов бардык потенциалдуу кооптуу участоктордо алдын алуу чараларын өз убагында аткаруу, зарыл болгон учурда жарандарды сел же көчкү коркунучу бар жерлерден көчүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр май куюучу жайлардагы, химиялык жана уулу заттар, тез күйүүчү жана күйүүчү суюк майлар колдонулган өнөр жай ишканаларындагы, мунайзат продуктуларын сактоочу жайлардагы өрт коопсуздугу маселелерине токтолуп, өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырган.

Кеңешмеде өзгөчө кырдаалдардан турак жайды камсыздандыруу темасы да козголгон.

Мүлкүн өзгөчө кырдаалдардан камсыздандыргандардын көпчүлүгү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жашай тургандыгы айтылган.

Кыргыз Республикасынын «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жабыр тарткан жарандарга орду толтурулат. Негизинен өрттөн, катуу шамалдан жана жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жабыркагандар компенсация алышат.

Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовго Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине курулуш өрт-техникалык экспертиза документтерин берүү маселесин карап чыгууну тапшырган.

Бул сунуш курулушка уруксат кагаздарын берүү маселесин жөнөкөйлөштүрүүгө жана курулуш чөйрөсүндө инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий