• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Ара төрөлгөн наристелер күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Ара төрөлгөн наристелердин күнүнө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Салдаматтык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн наристелердин күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8-ирет белгиленүүдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнөн акыркы 10-15 жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда жана өтө аз салмак менен ара төрөлгөн балдар чакырылат.

Жыл сайын дүйнөдө жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 6-8% ара төрөлсө, Кыргызстанда жылына 10-12 миңдей ымыркай айына жетпей төрөлөт. «Көп сандагы ара төрөлгөн ымыркайлардын дени сак жана толук кандуу эле эмес, чыгаан инсан болуп чоңойгондугун билүү абдан маанилүү. Көптөгөн көрүнүктүү инсандар мезгилинен эрте төрөлүп, жашоодогу оор башталыштарына карабастан укмуштуудай ийгиликтерге жетишти», - деп белгилешет адистер.

2004-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан сунушталган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоонун критерийлерине толугу менен өткөн, ага ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин дене салмагы 500 граммдан жогору болуп төрөлгөн ымыркайлар катталат.

Пикир

Оставить комментарий