• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын башкаруучусу менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Токиого (Япония) болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (Japan Bank for International Cooperation, JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушту.

Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын негизги максаты - Япония менен чет өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чет өлкөлөргө инвестиция тартуу жана эл аралык соодага көмөк көрсөтүү жолу менен өнүктүрүү. Банк Япониянын экспортун жана импортун өнүктүрүүдө, өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүндө маанилүү ролду ойнойт. Финансы институту толугу менен Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Япония менен бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, анын ичинде JBIC сыяктуу абройлуу каржы институттарын тартууга умтуларын белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тарап япон компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстан менен Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз инвестицияларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ал эки тараптуу байланыштардын активдүү динамикасы япониялык өнөктөштөр менен мындан аркы кызматташуунун келечегине чоң оптимизм берерин белгиледи. Кыргыз тарап банк тармагындагы ушундай ийгиликтүү кызматташуунун мисалдарын кубаттайт.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров “жашыл” энергетика жана инфраструктура тармагында кызматташууну кароону сунуштады.

Өз кезегинде Нобумицу Хаяси финансы институтунун ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга жана Кыргызстан менен конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Ал ошондой эле макулдашууларды ишке ашыруу үчүн JBIC командасы өлкөнүн муктаждыктарын деталдуу изилдөө үчүн Кыргызстанга барууга даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий