• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Токтогул районунда белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев, кеңешчиси Н.Момуналиев, президенттин администрациясынын бөлүм башчысы О.Капалбаев, райондун акими А.Тюкебаев, А.Сүйөркуловдун уулу Энвер Сүйөркулов жана райондун тургундары катышты.

Алгач катышуучулар Токтогул шаарынын борбордук аянтында жайгашкан А.Сүйөркуловдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, эскерилди.

Андан кийин райондук маданият үйүндө мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгына карата ишмердин таржымалынан алынган сценарийлер тартууланды.

Катышуучулар тарабынан А.Сүйөркуловдун басып өткөн жолу, эл үчүн кылган эмгеги, өзгөчө Бишкек — Ош унаа жолун салуудагы эмгеги баса белгиленди.

Маалымат үчүн: Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Токтогул районунун Торкен айылында төрөлгөн.

Эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү бир топ тепкичтерди басып өткөн.

1946-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, үч жыл Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгон. Көп өтпөй Сүйөркулов министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, сегиз жыл иштеген, андан кийин он жыл Соода министрлигин башкарган.

Бул мезгил аралыгында өкмөт башчысы Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алган. Анын демилгеси менен К.Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулган.

КР президентинин 2023-жылдын 18-августундагы ПЖ № 205 Жарлыгы менен мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен КР Баатыры артыкчылыктуу даражасы Абды Сүйөркуловго көзү өткөндөн кийин ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий