• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров "Барселона" легендалары менен аймактык ФКнын жаш оюнчуларынын ортосундагы беттешке барды

Президент 0


Бишкек, 30.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Барселона» футбол клубунун легендалары менен өлкөнүн ар кайсы аймактык футбол командаларынын жаш оюнчуларынын ортосундагы футбол боюнча мелдешке барды.

Көрсөтмө оюн “Барселона” футбол академиясынын расмий ачылышынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий