• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт башчы: Жол эрежелерин бузуулар кыскарып, айдоочулук маданият өзгөрүүдө

Коом 0


Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Көп жылдардан бери биринчи жолу жолдордогу кырдаал өзгөрүп, жол эрежелерин бузуулардын саны кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

"Карапайым жарандар "Коопсуз шаар" долбоорун колдоп беришти, – деди өкмөт башчы. – Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасында келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенишүүдө".

"Ошол эле учурда долбоорду ишке киргизүү инфраструктуранын жана жол кыймылын уюштуруунун айрым маселелерин ачыктады. Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы алардын унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келүүдө", – деди премьер.

Эске салсак, 12-февралдан тарта Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Анын алкагында жол эрежесинин бузулушун каттаган камералар борбор калаанын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган. Жакын арада дагы 38 көчөлөрдүн кесилишинде орнотулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий