• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт өлкөдө аялдарды колдоо үчүн бүт аракетин жумшап жатат - Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Өкмөт өлкөдө аялдарды колдоо үчүн бүт аракетин жумшап жатат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи Форумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, тарыхта жана коом ичинде аялзатынын орду чоң болуп келген.

"Дүйнөдө экология, жакырчылык, миграция жана эл аралык терроризм өңдүү көйгөйлөр болууда. Аялдардын тарых жана коомдо орду чоң. Тарыхта аялдар лидер болуп, дүйнөнү кан төгүүдөн сактаган учурлар бар. Дүйнө жүзүндө 200 млн. киши туруктуу жашаган жери жок. Ошондой эле 700 млн. киши мекенин таштап, көчүп кетүүгө аргасыз. Мындай социалдык маселелерди чечүүдө аялдардын орду чоң", - деди ал.

Андан тышкары ал, өмүрүн Индия элине кызмат кылууга арнаган Индира Ганди өңдүү дүйнөдөгү аял лидерлерди белгилеп өттү.

"Өкмөт өлкөдө аялдарды колдоо жана ролун жакшыртуу үчүн бүт аракетин жумшап жатат. Жогорку Кеңеште аялдардын саны 16%ды, жергиликтүү кеңештерде 10%, муниципалдык кызматтарда 37%ды түзөт. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда 42% аялдар иштейт", - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий