• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин XVI кеңешмеси өтүүдө.

Анын жүрүшүндө катышуучулар ШКУ алкагындагы маданият тармагында кызматташуу, 2021-жылы ШКУга мүчө мамлекеттерде "SilkRoadFest" эл аралык фестивалын өткөрүүнү талкуулашат.

Андан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий мурас объекттерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү маселеси да каралмакчы.

Кеңешмеге Тажикстандын маданият министри Орумбек Шамсудин Шодибек, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы, Россиянын маданият министринин орун басары Николай Овсиенко, КЭР Маданият жана туризм министрлигинин жетекчи курамынын мүчөсү Ванг Ксиофенг, Индиянын маданият министринин орун басары Шри Арун Гоел жана ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Се Сяоюнь катышууда.

Пикир

Оставить комментарий