• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Талас облусунда "Калинин" сел өткөрүүчү каналы тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы "Калинин" сел өткөрүүчү каналынын 800 метри тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Калинин" сел өткөрүүчү каналында, күтүлүүчү сел сууларын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдагы атайын алдын алуу жана кесепетти жоюу иш-аракетине ылайык, экскаватор менен механикалык тазалоо, жээкти бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Калинин сел өткөрүүчү каналынын жалпы 190 метр жеринде механикалык тазалоо жана жээкти бекемдөө жумуштары аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, ал иштердин аркасы менен 212 турак жай, 4 социалдык объект, 2 мүрзө жана 500 гектер айдоо жерлери селден корголот.

Пикир

Оставить комментарий