• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ тарабынан “Семетей” обсервациясында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Семетей” обсервациясында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, күн сайын «Семетей» обсервациясында (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгаштырылган бейтаптарга, тартылган медицина, ИИМ кызматкерлерине ар тараптуу камсыздоо иштери уланууда (3 маал ысык тамак-аш, гигиеналык каражаттар менен камсыздо ж.б.).

Аталган участокто төмөнкү иштер аткарылууда:

-күнүгө дезинфекциялоо иштери жүрүүдө;

-күнүгө бир маал тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери уюштурулган;

-коммуналдык системаларынын иштеши көзөмөлдөнүүдө;

- корпустарга кошумча кычкылтек тутуму;

- жандандыруу бөлүмүмүнө резервдик генератор жана кондиционерлер орнотулду. 2 дарыкана орнотулду, кошумча үчүнчү дарыкана орнотулууда (бирөө күнү-түнү иштейт).

«Семетей» обсервациясындагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий