• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн суткада 12,6 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өткөн суткада өлкө боюнча 12 миң 600 погондук метр унаа жолу, 6 миң 400 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле жалпы КР ӨКМ тарабынан 407 адамга ысык тамак-аш берилген.

"112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 640 чалуу катталып, анын ичинен 19 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 96 кызматкер жана 10 унаа тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий