• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абад-Казарман унаа жолу толугу менен ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад-Казарман унаа жолу тазаланып, толугу менен ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июлундагы нөшөрлүү жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-64-чакырымдарында шагыл аралаш таш түшкөн.

Атайын тартылган техниканын жана күчтөрдүн жардамы менен унаа жол толугу менен тазаланып, унаа кыймылы үчүн ачылган.

Пикир

Оставить комментарий