• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин адистери “Арзу” кафесиндеги өрттүн себебин такташууда

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Аламүдүн районунун Лебединовка айылында, Бишкектин чыгышында жайгашкан "Арзу" кафесиндеги өрттүн келип чыгуу себептерин такташууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт таңкы саат 4:30да өчүрүлгөн. Тилсиз жоону дээрлик жети саат аралыгында 5 өрт өчүрүү бөлүмү өчүргөн. Өрттөн дээрлик 2 миң чарчы метр аянт күйгөн. ӨКМден кырсыктан эч ким жабыркаган жок деп билдиришти.

Өрт тууралуу маалымат кечээ, саат 21:09дар чамасында түшкөн.

Күбөлөрдүн айтуусунда, ашканада газ баллон жарылып кеткен. Бардык коноктор жана кызматкерлер сыртка чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий