• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгына 3,4 млн сомдук шаймандар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Президентин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө зарыл болгон атайы шаймандарды тапшырды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаймандар Ош облусунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен сатып алынды.

Ошентип, куткаруучуларга ылай сууларды сордуруучу мотопомпа, атайы издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана ошондой эле куткаруучулар колдонуучу аркандай шаймандар, кийим сатып алынган. Бул үчүн фонддон 3 млн 407 миң 300 сомго бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий