• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы парламенттик шайлоого өз баасын берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрь күнү Кыргызстанда болуп өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы өз баасын берди.

Миссиясынын башчысы Виктор Гуминский билдиргендей, миссия КР БШКсы шайлоону Конституция жана "Шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүүгө бардык керектүү аракеттерди көрдү деп эсептейт.

Анын айтымында, алар шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процессине 14-сентябрдан баштап көз салышты.

"Миссиянын пикири боюнча шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн керектүү шарттар түзүлдү. Шайлоо өнөктүгү Конституция жана "Шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын жоболорунун негизинде жүргүзүлдү. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин конституциялык мыйзам бир топ толукталып иштелип чыккан", - деди ал.

Ал №2 форма боюнча шайлоо дарегин алмаштырган жарандар 500 миңге жакын болгонун айтып, ал маселе тууралуу өз пикирин айтып өттү. Анын айтымында, ал өзү күбө болгондой бир шайлоо тилкесинде ошол дарек боюнча катталган шайлоочулардын санына караганда №2 форма боюнча катталган шайлоочулардын саны көп болгон.

"Ал укугу менен 441 миң 10 киши колдонду. Алар бардык шайлоочулардын 12,51%ын түзөт. Ошол эле учурда 48 миң 600 миң киши шайлоо дарегин эки же андан ашык жолу алмаштырган. Чынын айтайын, миссиянын байкоочуларында жарым миллионго жакын кишинин шайлоо дарегин алмаштырганга эмне себеп болду, кандай максатта деген негиздүү суроо жаралды. Бирок мыйзамга ылайык жарандардын ага укугу бар экен. Миссиянын пикири боюнча мыйзамдын ал нормасы кошумча изилденүүгө, укуктук баа берүүгө жана укуктук жактан иштелип чыгууну талап кылат. Бул биздин сунуш. Себеби биз улуттук мыйзамдарга кийлигише албайбыз. Муну БШК өзү карап чыгышы керек", - деди ал.

Гуминский миссиянын толук түрдөгү билдирүүсү БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин жарыяланарын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий