• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020. Добуштарды сатып алуу боюнча 40 иш тергелүүдө - Башкы прокуратура

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20./Кабар/. Добуштарды сатып алуу боюнча 40 иш тергелүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу 82 кылмыш иши жана 46 жорук сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

"Жазык кодексинин 191-беренеси (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) боюнча 2 факт, 192-берене (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча 40 факт, 193-берене (Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузуу) боюнча 1 факт жана 195-берене боюнча (Шайлоо документтерин бурмалоо) 25 иш, ошондой эле башка беренелер боюнча 14 иш тергелүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий