• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Сарыбашов парламент депутаттарын шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандык милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн №5555 шайлоо участкасында добушун берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар башчысы өлкө тагдырын чечүүчү парламенттик шайлоого жарандарды активдүү катышып жаткандыгын белгилеп, ар бир жаран, ар бир шайлоочу өзү каалаган партияга добуш берип, шайлоонун жыйынтыгы элге, өлкөгө пайдалуу болсун деп кошумчалады.

“Президентибиздин жарлыгы чыкканда эле жергиликтүү бийлик шайлоо өткөрүүгө даярдана баштаганбыз. Үгүт иштеринде бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо участкаларында коопсуздук, санитардык талаптар сакталган. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Генераторлор менен 86 участка 100 % камсыз болду. Интернет байланышы менен толук камсыз болгон. Өзүңүздөр көрүп тургандай 86 шайлоо участканын кире бериштерине атайын дезинфекциялоочу килемчелер салынып, шайлоочулардын социалдык аралыгын сактоо үчүн жерге ленталар чапталды. Аймактык шайлоо комиссиясы аркылуу шайлоочуларга жетиштүү санда маска, кол каптар жана антисептиктер менен камсыз кылынды. Шайлоочуларды кайдыгер карабай жүрөккө жакын, мамлекеттин келечегине, өсүп, өнүгүшүнө салым кошот деген талапкерлери бар партияга добуш берип, жарандык милдетин аткарууга чакырам”, - деди Т.Сарыбашов.

Ош шаары боюнча жалпысынан 86 шайлоо участкасында 179 миңден ашуун шайлоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий