• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат. Сот партиянын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» саясий партиясынын Боршайкомго каршы жазган арызын канааттандырды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) партиянын документтерин эреже бузууларга байланыштуу артка кайтарып берип, шайлоодон четтеткен болчу.

«Сот биздин БШКга каршы жазган арызыбызды канааттандырып, чечимди жараксыз деп тапты. Эми биз шайлоого катышабыз», - деп билдирген партиянын өкүлү Талант Мамытов.

БШК эми Жогорку сотко кайрылат.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. БШКнын маалыматына караганда, 17 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, документтерин тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий