• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда шайлоого карата даярдык боюнча облустук отурум өттү

Шайлоо 2020 0

Бмшкек, 05.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда шайлоого карата даярдык боюнча кезектеги облустук отурум өттү.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, облус жетекчисинин биринчи орун басары Жаркынбек Максутов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоону уюшкандыкта өткөрүү үчүн облустагы даярдыктар боюнча район, шаар башчыларынын маалыматтарын укту.

Максутов айрым аймактык шайлоо участкаларына болгон текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

"Мындан сырткары, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, пандемияга байланыштуу жарандардын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоо участкалардында тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу Баткен медиа борборунан, радио, гезиттерден жана социалдык тармактардан онлайн маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Учурда облуста 289 миң 518 шайлоочу, 215 шайлоо участкалары бар. Анын ичинен 15 шайлоо участкасы жаңы ачылды.

Пикир

Оставить комментарий