• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаев документтерди тапшыруудагы бузуу тууралуу: "Ал шайлоо процессине таасир этпейт"

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясына документтерин кайтарып, шайлоого катышууга өткөргөн жок.

Белгилей кетсек , 24-август күнү саат 18:00гө чейин партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырышы керек болчу. Кечээ социалдык тармактарда "Кыргызстан" партиясы документтерин өз убагында тапшыра албай калды деген маалымат чыккан. Социалдык тармактарда "Кыргызстан" партиясы саат 18:01де катталды деп жазылып, андан кийин 17:59 деп кайра оңдолгон каттоо журналынын сүрөтү тараган.

Бүгүн БШК ал маселени карап, документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырган эмес деген жүйөө менен партиянын документтерин артка кайтарган.

БШКнын отурумунда "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев сүйлөп, айрым партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясына басым кылды деп билдирди.

Анын айтымында, документтерди башка адамдын тапшырышы шайлоо процессине таасир этпейт.

Пикир

Оставить комментарий