• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КМШ оюндары: Спорттук күрөш боюнча курама команда 10 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча курама команда I КМШ оюндарында 10 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыздар арасында 55 кг салмактык категорияда Калмира Билимбек кызы алтын, Назира Марсбек кызы (62 кг) жана Нураида Анаркулова (59 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Ошондой эле Бермет Нурдин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Назик Мирлан кызы (50 кг) КМШ оюндарынын коло байгесинин ээси аталышты.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмактык даражада Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хаджимурадов (65 кг) күмүш медаль тагынышты. Мындан сырткары, Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг) жана Айбек Токтогул уулу (70 кг) коло байгеге ээ болушту.

Белгилей кетсек, мелдештер 2-сентябрда старт алган, жана 11-сентябрга чейин уланат. Жалпы 16 спорттун түрүнөн 182 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий