• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу келди

Спорт 0


Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Ориол Фонт Кыргызстанга келди. Ал каталониялык команданын Жалал-Абаддагы академиясынын техникалык директору болуп дайындалган.

Футбол академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Фонт балдарга башкы машыктыруучунун милдетин да аткарат. Анын милдети - Барселона стандарттарына ылайык, билим берүү жана окутуу процессин уюштуруу. Ал академиянын футбол аспектилерин көзөмөлдөйт жана баары клубдун көз карашына ылайык, үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, ал кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү машыктыруучулар менен тыгыз иштешет.

Пикир

Оставить комментарий