• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дзюдо боюнча курама команда Түркияда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы 20-30-июнь күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкү курамда катышат:

1. Кубанычбек Айбек уулу, СЧ, 60 кг;

2. Владимир Золоев, ЭДСЧ, 81 кг;

3. Эрлан Шеров, СЧ, 90 кг;

4. Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий