• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкор айылында эки көчөгө асфальт төшөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кочкор айылында эки көчөгө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Кочкор райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Чике уулу Дүйшө жана Гагарин көчөлөрүнө асфальт төшөө ишитери жүрүүдө. Жалпы эки көчөгө 3 чакырым асфальт төшөлөт.

Учурда жолдун алдыңкы катмары жана көпүрөлөрдү коюу иши жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий