• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор районунда аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Күн мурун, 12-декабрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы аскер комиссариатынын имаратын курууга капсула салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин Нарын облусундагы мекемелеринин жана бөлүктөрүнүн ардагерлери, командачылыгы жана жеке курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Бактыбек Бекболотов чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө Кочкор райондук аскер комиссариаттарынын жаңы имаратынын куруу менен республика боюнча аскер комиссариаттарын жакшыртуу жана куруу иштерин баштап жатабыз деп белгиледи.

Иш-чаранын соңунда коноктор курулуштун долбоору менен таанышып, министр Бактыбек Бекболотов райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратын өз убагында жана сапаттуу курууну камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий