• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Абдил Сегизбаев менен Асанов маалымат беришти

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамкомиссиянын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жыйынга катыша алышкан жок.

23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылышты.

Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.

Пикир

Оставить комментарий