• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Комиссиянын иши 1-ноябрга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2019-жылдын 1-ноябрына чейин узартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Пикир

Оставить комментарий