• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Республикалык диагностикалык борбор бейтаптарды кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-февралынан тартып Республикалык дартты аныктоо борбору кайрадан иштей баштады, - деп билдирет Медициналык академиянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, борбор төмөндөгүдөй диагностикалык кызматтарды көрсөтөт: УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, суткалык көзөмөлдөө, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентген изилдөө.

Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар. Мекеменин дареги Киев көчөсү 27/1.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги мекемеде көп тармактуу балдар ооруканасын уюштурууну пландаган.

Пикир

Оставить комментарий